Казак аскерлери Голан дөңсөөлөрүндөгү БУУнун күчүндө орун алат

Казакстандын президенти Касым  -  Жомарт Токаевдин  тычтыкты коргоо миссиясынын негизинде аскерлердин өлкө тышына жиберилишине байланыштуу чечим долбоору парламент жана сенаттын биргелешкен жыйынында добушка коюлду.

2090941
Казак аскерлери Голан дөңсөөлөрүндөгү  БУУнун  күчүндө орун алат

Казакстандан  139 аскер БУУнун  Голан дөңсөөлөрүндөгү  Ок атышпоо боюнча байкоо күчү  (UNDOF) миссиясында  орун алат. 

Казакстандын президенти Касым  -  Жомарт Токаевдин  тычтыкты коргоо миссиясынын негизинде аскерлердин өлкө тышына жиберилишине байланыштуу чечим долбоору парламент жана сенаттын биргелешкен жыйынында добушка коюлду.

430 казак аскеринин БУУнун Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Судандагы тынчтык күчү миссияларында орун алышын күткөн сунуш добуш бирдиги менен бекитилди. 

БУУнун Казакстанга көз карандысыз тынчтык миссиясын жүргүзүү боюнча  ыйгарым укук бергени айтылган чечимде төмөндөгүлөр белгиленди : "Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн БУУнун тынчтык күчү миссияларына  кошулуу географиясын акырындык менен кеңейтүү жана бул контекстте болжол менен 430 аскерден  турган тынчтыкты коргоо бөлүгүнүн БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү байкоочу күчү башта болгон БУУнун Израиль менен Палестинанын ортосундагы Ок атышпоону көзөмөлдөө уюму, Түштүк Судан Республикасындагы БУУ миссиясы, Абиейдеги БУУнун Убактылуу коопсуздук күчүнө жиберилишин сунуш кыламын".

Чечимде учурдагы БУУнун Тынчтык күчү миссияларынын негизинде Батыш Шериада  6 казак офицеринин, Борбордук Африка Республикасында 2, Конго Демократиялык  Республикасында  2 жана Ливанда  9 аскердик кызматкеринин кызмат өтөп жаткандыгы белгиленип : "Күч алган геосаясий  чыңалуунун  негизинде  аймактык жана улуттук коопсуздукка карата жаңы коркунучтар ортого чыгууда жана булардын айрымдары аскердик кийлигишүү керек болушу мүмкүн. Ошондуктан бөлүктөрдүн согушка даяр болушу жана заманбап коркунучтарга каршы тажрыйбалуу болуулары маанилүү",- деп айтылды. 

Өзгөчө чечимде Казакстандын биринчи улуттук тынчтык күчүнүн Голан дөңсөөлөрүнө жиберилери белгиленип "139 аскердик кызматкерден турган  биринчи көз карандысыз улуттук тынчтык күчү бөлүгүнүн өзүнүн аскердик техникасы жана курал-жарактары менен резервдик бөлүк катары жөнөтүлгөнү өзгөчө көңүл бурууда»,- деп баа берилди.. 

 



Тектеш кабарлар