Жапаров : "Кыргызстанда бийликти алмаштырууга эч бир себеп жок"

Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди.

2090554
Жапаров : "Кыргызстанда бийликти алмаштырууга эч бир себеп жок"

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бийликтин алмашуусу үчүн эч бир себептин жок экендигин айтты. 

Жапаров өлкөдө төңкөрүшкө карата даярдыктар тууралуу акыркы кабарлар боюнча "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. 

"Бүгүн бийликтин алмашуусу үчүн бир себеп жок. Бул үчүн бир бир себептин болушуна уруксат бербейбиз,- деген Жапаров ушул максатта массалык баш аламандык чыгаргандардын жазаландырыларын кошумчалады. 

Жапаров : "Баарын  беш колдой билебиз. Аркаларында чоң топтордун бар экендигин  мындан мурда да айткамын. Өздөрү да муну жашырышпайт,  ачык айтышууда",- деди. 

"Элди чогултуп, тымызын ок чыгарууну же жардыруу уюштурууну ойлогондордун лидерлерин алар чара көрө электе аныктайбыз. Эң оор жазага тартылышат. Бизден мурдагылар сыяктуу көз жаштарына карабайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи кезектеги милдетибиз», - деген Жапаров бийлик  каалагандарды мыйзамдуу шайлоого катышууга чакырды.

Буга чейин Кыргызстан башкаруусу  өлкөдө төңкөрүш менен бүтүшү  күтүлүп жаткан массалык акциялардын пландалгандыгын  билдирген. Жетекчиликтин айтымында, бул демилгелерге ишкер Имамидин Ташов, оппозициячыл Тилекмат Күренов "жана башка топтор" аралашкан болушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар