Кыргызстанда аскердик тик учактын кырсыкка учурап 1 аскер каза болду
Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымат берди.
2089921
Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте Ми - 8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак машыгуу учурунда кырсыкка учурап 1 аскер каза болду, 8 киши жараланды.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министрликке таандык полигондо машыгуу үчүн учкан Ми - 8 үлгүсүндөгү аскердик тик учак конуу учурунда кырсыкка учурады. Кырсыкта 1 аскердин каза болгондугу, 8 кишинин жаракат алгандыгы айтылып, жаралуулардын бирөөсүнүн абалынын оор экендиги билдирилди.
Кырсык тууралуу изилдөө баштатылды.