Армениядан Алиевге жооп

Андраник Кочарян, басма сөзгө билдирүү жасады.

2087669
Армениядан Алиевге жооп

Армения парламентинин коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Андраник Кочарян, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин эки өлкөнүн ортосунда ортомчуларсыз тынчтык келишимине кол коюу сунушунун жагымдуу экенин айтты.

Андраник Кочарян басма сөзгө билдирүүсүндө: «Бул биз үчүн да, алар үчүн да абдан жагымдуу сунуш, анткени бири-бирибиз менен сүйлөшө билишибиз керек», - деди.

Алиевдин кепилдерге муктаждык жок деген сөзүнө көңүл бурган Кочарян: «Бүгүнкү күндүн чындыктарын бекемдөө үчүн ок атышпоону бузбоо келишимин (2020) колдонсок да бул кепилдик болот»,- деди.

Азербайжандын лидери Илхам Алиев мурунку күнү Армения менен тынчтык келишими үчүн кепилдерге муктаждык көрбөгөнүн билдирип: «Бул, эки эгемендүү өлкө кол кое турган тынчтык келишими болот», - деп айткан.



Тектеш кабарлар