Министр Фидан Душанбеде билдирүү жасады

Фидан Кыргызстанга сапарынан кийин бүгүн Тажикстандын борбор шаары Душанбеге баргды.

2086901
Министр Фидан Душанбеде билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара келишпестигинин март айында расмий түрдө аяктай турганын, ушундайча аймакка коопсуздук жана стабилдүүлүктү орното тургандарын айтты.

Министр Фидан Тажикстан сапарына байланыштуу борбор шаар Душанбеде билдирүү жасады.

Кыргызстанга сапарынан кийин бүгүн Тажикстандын борбор шаары Душанбеге барганын белгилеген Фидан, бул жерде тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушканын жана президент Эмомали Рахман тарабынан кабыл алынганын, Рахман менен абдан жемиштүү сүйлөшүү өткөргөнүн айтты.

Хакан Фидан жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык темалардын да каралганын билдирип: «Буюрса март айында Тажикстан менен Кыргызстан ортолорундагы чек ара чатагына расмий түрдө чекит коюшат. Аймакка коопсуздук жана туруктуулук жагынан маанилүү кадам ташташат»,-деди.

Жолугушууларда Тажикстандын Ооганстан боюнча көз караштарына да баа берилгенин айткан Фидан: «Бул жердеги өзгөчө ырааттуулуктун камсыздалышы темасында Түркия катары аймактагы өлкөлөр менен кызматташуубуз тыгыз уланууда»,-деди.

Фидан Тажикстандын да аймактагы ырааттуулукка маани бергенине көңүл буруп, эки тараптуу жолугушууларда чек ара коопсуздугу жана терроризм менен күрөшүү темаларынын сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Түрк жана тажик коопсуздук бөлүмдөрүнүн радикал уюмдар темасында кызматташа турганын жана ушул алкакта механизмдин бар экенин белгилеген Хакан Фидан: «Бул механизмди дагы да алдыга жылдырууга эркибиз бар»,-деди.

Министр Фидан, Тажикстандын президенти Эмомали Рахманга президент Режеп Таййип Эрдогандын быйыл Тажикстанга сапар жасоону пландап жатканын билдиргенин да айтты.



Тектеш кабарлар