Армениядан Азербайжанга жаңы сунуш

Армен Григорян Армениянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде, Армения-Азербайжан тынчтык келишими процессине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2086118
Армениядан Азербайжанга жаңы сунуш

Армения тынчтык келишимине байланыштуу жаңы сунушун Азербайжанга жөнөттү.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Армениянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде, Армения-Азербайжан тынчтык келишими процесси тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Армен Григорян: «4-январда армян тарап Азербайжандын тынчтык келишими боюнча сунушуна жооп берди. Алардын сунушуна эки жуманын ичинде жооп бердик. Азыр Азербайжандын жообун күтүп жатабыз»,-деп айтты.

Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эч кандай жылыш болбогон кээ бир маселелердин бар экенин билдирген Григорян: «Бул маселелерде да кыска убакытта жылыш болот деп үмүттөнөбүз. Чечим таба албаган берки көйгөйлөр өз ара алмашуу жана сүйлөшүүлөр аркылуу жыйынтыкталып, тез арада тынчтык келишимине кол коюларына ишенебиз»,-деди.

Бир тараптан Григорян, эки өлкөнүн чек арасын аныктоо үчүн иштеп жаткан комиссиялардын январь айынын аягында кайрадан жолугушуусу үчүн макулдашуу түзүлгөнүн кабарлады.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 27-декабрда Армения менен 2023-жылы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш болгонун белгилеп: «Эгер Ереван башкаруусу олуттуу саясий эркти көрсөтсө, кыска убакытта тынчтыкка кол коюлушу мүмкүн»,- деген эле.



Тектеш кабарлар