Кыргызстандын жаңы желеги салтанат менен көтөрүлдү

Дизайны өзгөртүлгөн Кыргызстандын жаңы желеги борбор калаа Бишкекте салтанат менен көтөрүлдү.

2085708
Кыргызстандын жаңы желеги салтанат менен көтөрүлдү
KIRGIZİSTAN'DA YENİ BAYRAK GÖNDERE ÇEKİLDİ 2.jpg
KIRGIZİSTAN'DA YENİ BAYRAK GÖNDERE ÇEKİLDİ 1.jpg

 

Дизайны өзгөртүлгөн Кыргызстандын жаңы желеги борбор калаа Бишкекте салтанат менен көтөрүлдү.

Дизайны өзгөртүлгөн өлкөнүн туусун көтөрүү аземи Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жана Министрлер кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Башкы штабдын башчысы Руслан Мукамбетов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, 1992-жылы өлкөнүн желегин чийүүгө катышкан Жусуп Матаев менен Бекбосун Жайчыбековдор да катышты.

Аскердик оркестр Кыргызстандын гимнин ойноп жатканда, жоокерлер алп тууну көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев жана депутат Улан Примов тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту» 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров жактырган. Ошого жараша өлкөнүн желегиндеги толкун сымал күн нурлары түздөлүп, ортодогу түндүктөгү чамгарактардын саны көбөйтүлдү.



Тектеш кабарлар