Туран Иракта өткөн жергиликтүү шайлоодо түркмөндөр күткөн жыйынтыктарды ала албаганын айтты

Ирак Түркмөн фронтунун (ИТФ) төрагасы Туран Иракта 10 жылдан кийин жана Керкүктө 18 жылдан кийин өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы алар күткөндөй болбогонун билдирди.

2085308
Туран Иракта өткөн жергиликтүү шайлоодо түркмөндөр күткөн жыйынтыктарды ала албаганын айтты

Ирак Түркмөн фронтунун (ИТФ) төрагасы Хасан Туран Иракта 18-декабрда өткөн жергиликтүү шайлоодо түркмөндөр күткөн жыйынтыктарды ала албаганын айтты.

ИТФ төрагасы Туран Иракта 10 жылдан кийин жана Керкүктө 18 жылдан кийин өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы алар күткөндөй болбогонун билдирди.

Айрыкча Керкүктө жыйынтыктарга таасир эткен маанилүү факторлор бар экенине көңүл бурган Туран, шайлоо тизмелеринин каралбаганынын жыйынтыктарга түздөн-түз таасир эткенин айтты.

Керкүктөн эмес жана түндүк шаарлардан келген 260 миң шайлоочунун добуш бергенин аныкташкандарын белгилеген Туран, шайлоо алдында бул маселе боюнча Ирактын Федералдык сотуна арыз жазгандарын айтты.

Туран бул сандын абдан көп экенин баса белгилеп, маселени кайра Ирактын Федералдык сотуна алып барышарын билдирди.

Электрондук добуш берүү процессинде аппараттардын кээ бир түркмөн шайлоочуларынын манжа издерин окубаганына көңүл бурган Туран, өзгөчө 50 жаштан жогорку шайлоочулардын бул көйгөйгө туш болгонун жана жүздөгөн добуштардын жоголгондугун белгиледи.

Федералдык башкаруудагы Иракта 18-декабрда өткөн шайлоодо Ирактын Күрт аймактык башкаруусуна (ИКАБ) кирген шаарлар камтылган жок.

16 миллионго жакын адам добуш берүү укугуна ээ болгон шайлоодо 275 орун үчүн түрдүү партиялардан жана альянстардан жалпы 5904 талапкер ат салышты. 275 орундун 70и аял талапкерлер үчүн сакталып калган.

Иракта шииттердин эң чоң базасы бар диний жана саясий лидер Муктада ас-Садр шайлоого бойкот жарыялаган.



Тектеш кабарлар