Кыргызстан Иранга көңүл айтты

Кыргызстандын глобалдык тынчтыкты жана туруктуулукту коркунучка салган бардык террордук кыймылды катуу түрдө айыптагандыгын белгилеген президент Жапаров каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө жана боордош Иран калкына көңүл айтты.

2084396
Кыргызстан Иранга көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  Ирандын Керман шаарында болгон террордук кол салууну айыптады. 

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Жапаров Ирандын Керман шаарында болгон террордук кол салуу тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Реисиге көңүл айтуу телеграммасын жиберди. 

Кыргызстандын глобалдык тынчтыкты жана туруктуулукту коркунучка салган бардык террордук кыймылды катуу түрдө айыптагандыгын белгилеген президент Жапаров каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө жана боордош Иран калкына көңүл айтты. 

Ирандын Керман шаарында Касым Сүлейманинин өлүмүнүн  4 жылдыгына карат эскерүү иш  -  чарасында  болгон жарылууларда  84 киши каза болуп, 284 киши да жараланды. 

Касым Сүлеймани 2020 -  жылы  3 -  январда АКШнын Ирактын борбор шаары Багдатка карата кол салуусунда өлтүрүлгөн. 

 

 



Тектеш кабарлар