Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады.
2081532
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады.
Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Орусия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери "Павловск" коругуна, "Царское Село" жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.
Иш сапарын аяктап, Мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.
КРнын Президентинин сайты