Казакстан улуттук учкучсуз учуучу аппарат ANKA-Sны өзүнүн флотуна кошууга даярданып жатат
Казакстандын Коргоо министрлиги казак аскерлеринин ANKA-Sны сыноо процессинин видеосун бөлүштү.
Түрк коргоо өнөр жайынын карамагында иштелип чыккан учкучсуз учуучу аппарат ANKA-Sнын Казакстан армиясынын флотуна киргизилиши үчүн аскердик сыноолору башталды.
Казакстандын Коргоо министрлиги, казак аскерлеринин ANKA-Sны сыноо процессинин видеосун бөлүштү.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, кабыл алуу сыноо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн түрк учкучсуз учуучу аппарат ANKA-Sнын аскердик сыноолору башталды.
Учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу окуу борборунун башчысы Шокан Мусабеков, ANKA-Sнын биринчи жолу казак аскер кызматкерлеринин көзөмөлүндө учурулганын айтты.
Мусабеков белгилегендей, аскердик сыноо ийгиликтүү аяктаса, ANKA-S Казакстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн флотуна киргизилет.
Канаттарынын кеңдиги 18 метрге жеткен ANKA-Sнын учуу ылдамдыгынын 120 менен 270 километрге чейин өзгөргөнүн билдирген Мусабеков, аппараттын асманда 27 саатка чейин үзгүлтүксүз иштей ала турганын да маалымдады.
Майор Николай Кириллов да ANKA-Sнын мурда колдонгон системаларга окшош эмес экенин айтып: «ANKA-S биз көнүп калган системалардан башкача иш алып барат. Түрк адистеринин техникалык колдоосу менен бул системаны тез арада көзөмөлгө алабыз деп ойлойм»,- деди.