Казакстан - Сауд Арабия келишими

Казакстан менен Сауд Арабиянын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

2079390
Казакстан - Сауд Арабия келишими

Казакстан менен Сауд Арабиянын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда вице  - премьер  - министр жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда расмий жолугушууларды өткөрдү. 

Нуртлеу Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид бин Абдулазиз ел  -  Фалихтин  тең төрагалыгында өткөрүлгөн казак -  сауд өкмөттөр аралык кызматташуу комиссиясынын 6 -  жыйынына катышты. 

Министр Нуртлеу эки өлкөнүн коомдук жана менчик секторлорунун ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. 

Сауд Арабия менен соода жана экономикалык карым  - катнаштарды жана  өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү тууралуу потенциалга көңүлдөрдү бурган Нуртлеу эки тараптын да жашыл энергетика, азык  - түлүк коопсуздугу, транспорт, логистика, тоо-кен, нефтехимия, айыл чарба, финансы жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Сауд Арабиянын министри да  Казакстан менен байланыштарды чыңдоо ниетинде экендерин белгилеп :  "Казакстан кең жерлерге, бай жер астындагы ресурстарга жана адамдык капиталга ээ өлкө. Өз ара пайдалуу соода жана экономикалык байланыштар менен бирге чоң өлчөмдүү  инвестиция тармагындагы мамилелерди   жогорку деңгээлге көтөрүү биз үчүн абдан маанилүү",- деди. 

Жыйындын негизинде  тараптардын арасында дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлеринин виза мажбурдуулугунан бошотулушуна байланыштуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Өзгөчө Казакстандын өнүгүү министри менен Сауд Арабиянын Экспорт жана Импорт банкынын арасында кызматташуу келишимине кол коюлду.  

 



Тектеш кабарлар