Кыргызстандан ТИКАга саламаттык сактоо тармагы боюнча сыйлык ыйгарылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин салымы менен Фармацевтика жана медициналык ишмердүүлүк боюнча консультанттык компания (Medfarm) тарабынан борбор калаада «Үлгүлүү-2023» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

2077648
Кыргызстандан ТИКАга саламаттык сактоо тармагы боюнча сыйлык ыйгарылды

 

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн жылдын сыйлыгына татыктуу деп табылды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин салымы менен Фармацевтика жана медициналык ишмердүүлүк боюнча консультанттык компания (Medfarm) тарабынан борбор калаада «Үлгүлүү-2023» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрага ору басары Эдил Байсалов, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, «Кыргыз фармацевтика» мамлекеттик мекемесинин төрагасынын орун басары Айбек Жумакаев, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, ошондой эле өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында иштеген уюмдар жана ишканалардын жетекчилери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коноктор катышты.

Салтанатта быйыл экинчи жолу уюштурулуп, саламаттыкты сактоо тармагында үлгүлүү жана уникалдуу кызмат көрсөткөн инсандарга жана мекемелерге тапшырылган сыйлыктар ээлерине таратылды.

ТИКА «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо» номинациясында «Үлгүлүү-2023» сыйлыгына татыктуу деп табылды. Сыйлыкты ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Мехмет Бодурга Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Байсалов тапшырды.

Салтанатта Түркиянын Бишкектеги элчиси Доган 2022-жылы балдарды дарылоого кошкон салымы үчүн «Үлгүлүү инсан-2022» номинациясында сыйлык алганы эскерилди.

Сахнадагы сөзүн «Кыргызстан биздин ата-бабаларыбыздын мекени, ошондуктан мен ата-бабалардын тилинде сүйлөгүм келет»-деп баштаган Догандын бул сөздөрү залдагы катышуучулар тарабынан кол чабуулар менен коштолду.

Доган кыргыз тилинде сүйлөгөн сөзүндө адамзаттын миссиясына токтолду. Адамдын жакшылык жана жакшылык кылуу үчүн жаралганын белгилеген Доган: «Жакшылыкта адилеттик, ден-соолук жана биримдик бар. Кыргызстан элине жакшылык каалайм»,-деди.

Белгилүү вокал өнөрпоздору сахнага чыккан аземде элдик бий көрсөтүүсү да тартууланды.



Тектеш кабарлар