Анкарадагы кабыл алууда ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы белгиленди

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев: «Бүгүн кечинде биз жетишкендиктерибизди белгилөө үчүн чогулдук. Биз уюмубуздун жетишкендиктерин гана эмес, түрк дүйнөсү басып өткөн даңктуу жана ардактуу жолду да белгилейбиз»,-деди.

2075754
Анкарадагы кабыл алууда ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы белгиленди
TÜRKSOY 30 2.jpg
TÜRKSOY 30 4.jpg
TÜRKSOY 30 5.jpg
TÜRKSOY 30 6.jpg
TÜRKSOY 30 7.jpg
TÜRKSOY 30 3.jpg
TÜRKSOY 30 8.jpg

Анкарада уюштурулган кабыл алууда ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы белгиленди

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев: «Бүгүн кечинде биз жетишкендиктерибизди белгилөө үчүн чогулдук. Биз уюмубуздун жетишкендиктерин гана эмес, түрк дүйнөсү басып өткөн даңктуу жана ардактуу жолду да белгилейбиз»,-деди.

Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) 30 жылдык мааракеси Анкарада уюштурулган кабыл алууда белгиленди.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев жетектеген иш-чарага Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, мурдагы тышкы иштер министри, АК партиянын Анталия депутаты жана Түркиянын НАТО Парламенттик ассамблеясындагы (ПА) делегациясынын башчысы Мевлүт Чавушоглу катышты. Анкарада кызмат өтөгөн дипломатиялык миссия кызматкерлери жана көптөгөн коноктор катышты.

Раев меймандарга катышкандыктары ыраазычылыгын билдирди.

Раев Түркиянын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап: «100 жылдык чынарыбыз, түрк дүйнөбүздүн локомотиви болгон Түркия, дагы көп кылымдарды карытат»,-деди.

Астанада өткөн Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (ТМУ) 10-саммитинде «Түрк доорунун башталышы жарыяланганын» белгилеген Раев: «Бул мезгил бизге алтын мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. ТҮРКСОЙ катары, биз бул мүмкүнчүлүктөрдү баамдап, мамлекет башчыларыбыздын колдоосу астында, уюшулгандан бери ишибизди улантып келе жатабыз»,-деп айтты.

Башкы катчы Раев иш-чара ТҮРКСОЙдун жетишкендиктерин даңазалоо максатында да өткөнүн баса белгилеп, «Бүгүн кечинде биз жетишкендиктерибизди даңазалоо үчүн чогулдук. Биз уюмубуздун жетишкендиктерин гана эмес, Түрк дүйнөсү катары биз көп жылдар бою басып өткөн даңазалуу жана ардактуу жол бизди алып барган жерди бүгүн майрамдайбыз»,-деди.

 

ТҮРКСОЙдун жетишкендиктерине көңүл бурулду

 

Маданият жана туризм министринин орун басары Чам да ТҮРКСОЙдун 30 жылдык татаал мезгилден ийгиликтүү өткөнүн айтты.

ТҮРКСОЙдун ийгилигинин «кокустук» эмес экенине көңүл бурган Чам:«Ушул күндөргө жетишүүбүзгө жардам берген бардык мамлекеттик ишмерлерибизге, бул маселеге салым кошкон ТҮРКСОЙ уюмуна, дипломаттарга, бул маселеде иштеген түрк бюрократиясына, башкы катчыларыбызга, элчилерибизге жана албетте, көп жылдар бою өкмөтүбүздүн тышкы иштер министри катары бул маселе боюнча чоң күч-аракеттерди жумшап, ийне-жибине чейин токуп келген, урматтуу тышкы иштер министрибизге жана бардык кызматкерлерге ыраазычылыгыбызды билдирип, ырахматымды айткым келет».

Чам «Ийгиликтердин уланышы үчүн» иштин алдыда дагы ылдам темпте улануусу керектигин айтты.

 

"ТҮРКСОЙдун жеткен чеги суктанарлык"

 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Чавушоглу ТҮРКСОЙдон сыйлык алуу сыймык экенин белгилеп: «ТҮРКСОЙ мындан 30 жыл мурун түрк дүйнөсүн тил, маданият жана искусство аркылуу бириктирүү максатында түзүлгөн»,-деди.

ТҮРКСОЙдун түзүлгөндөн бери «чоң кызматтарды көрсөткөнүнө» көңүл бурган Чавушоглу : «ТҮРКСОЙдун 30-жылы бүгүнкү күнгө жеткени суктанаарлык»,-деди.

Чавушоглу түрк дүйнөсүнүн «баарынан да күчтүү экенин» жана TМУ чатырынын астында институтташтырылганын белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн «глобалдык актер болуу жолунда бекем кадам таштаганын» баса белгилеген Чавушоглу Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн «Орток түрк тили жана орток алфавитти» колдонуусун каалады.

Иш-чара «ТҮРКСОЙдун Алтын Ардак медалын» тапшыруу аземи, музыкалык концерт, бий тартуулоо жана сый тамак менен аяктады.



Тектеш кабарлар