Азербайжанда жер титиреди

Жеткен жер титирөөнүн Апшерон жарым аралынан 56 чакырым түндүктө, 68 чакырым тереңдикте катталганы маалымдалды.

2073487
Азербайжанда жер титиреди

Азербайжанда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Азербайжандын сейсмологиялык кызмат борборунун билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.16да катталган жер титирөөнүн эпицентринин Каспий деңизи экени белгиленди.

Билдирүүдө, күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн Апшерон жарым аралынан 56 чакырым түндүктө, 68 чакырым тереңдикте катталганы кабарланды. 

Баш калаа Бакуда да сезилген жер титирөөдөн кийин кыйроолор болуп же болбогону тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар