Бердымухамедов Жевдет Йылмазды кабыл алды

Йылмаз Түркмөнстанга барды.

2073284
Бердымухамедов Жевдет Йылмазды кабыл алды

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түрк-Түркмөн өкмөттөр аралык экономикалык комиссиясынын 7- жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга барды.

Йылмаз сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов тарабынан кабыл алынды.

Жевдет Йылмаз, Рухият сарайындагы жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө: «Түркмөнстан жыл сайын өнүгүп, күчтөнүп жаткан өлкө. Ортобузда абдан жакшы кызматташтык бар. Бул кызматташтык Түркиянын да, Түркмөнстандын да өнүгүү процессине чоң колдоо көрсөтөт деп ишенем. Эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ара сапарлар жана биргелешкен иш-аракеттер менен жолубузду улантабыз. Ушул алкакта Түркия менен Түркмөнстандын бир туугандыгы түбөлүк улана берсин демекчимин»,- деп айтты.

Вице-президент Йылмаз жана аны коштогон делегация андан кийин Түркмөнстандын Эгемендүүлүк эстелигине зыярат кылып, гүлчамбар коюшту.



Тектеш кабарлар