Өзбекстан ЮНЕСКОнун жыйынын өткөрөт

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕКОнун башкы ассамблеясынын  43 -  жыйыны  2025 -  жылы Өзбекстандын маданият борбор шаары катары Самаркандда өткөрүлөт.

2068190
Өзбекстан ЮНЕСКОнун  жыйынын өткөрөт

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Башкы ассамблеясынын  43 -  жыйыны  2025 -  жылы Өзбекстандын маданият борбор шаары катары Самаркандда өткөрүлөт. 

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги : "Парижде болуп жаткан Башкы ассамблеянын  43 -  жыйынында кийинки жыйындын Өзбекстанда өткөрүү сунушу оң кабыл алынды жана тийиштүү чечим чыгарылды",- деп айтылды. 

Министрлик ушундайча ЮНЕСКОнун Башкы ассамблеясынын жыйыны 40 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу Париждин сыртында өтөөрүн баса белгиледи.

Өзбекстан президенттигинин басма сөз борбору да  Шавкат Мирзиёевдин бардык өнөктөштөрүнө  ЮНЕСКОнун Башкы ассамблеясынын жыйынын 2025-жылы Самаркандда өткөрүү боюнча «тарыхый чечимди» колдогону үчүн ыраазычылык билдиргенин билдирди.

Президент Мирзиёев: «Биздин аймакта биринчи жолу өткөрүлө турган бул маанилүү жана глобалдык  иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин жана Өзбекстандын эбегейсиз цивилизациялык күчүн жана потенциалын бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөрүнө ишенем",- деди.

Мирзиёев Өзбекстандын бул иш-чараны уюштуруу жана Башкы ассамблеянын жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн колдон келген аракетин жасай турганын айтты.

Өзбекстанда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар жана материалдык эмес мурастар тизмесинде 30дан ашык  элементтери бар. Алардын айрымдары төмөнкүдөй:

Самарканд, Бухара жана Шахрисабз тарыхый  шаар борборлору, Хивадагы Ичан-Кала жана Ташкент райондору.

 

 



Тектеш кабарлар