Армениянын премьер-министри Пашинян Азербайжан менен келишим түзүлгөнүн билдирди

Армениянын премьер-министри Никол ПашинянАрмениянын борбор шаары Ереванда өткөн Европа Коопсуздук жана кызматташтык боюнча парламенттик ассамблеянын ачылышында сөз сүйлөдү.

2066430
Армениянын премьер-министри Пашинян Азербайжан менен келишим түзүлгөнүн билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсүнүн Азербайжан менен тынчтык үчүн талап кылынган принциптер боюнча келишимге жетишкенин айтты.

Армениянын борбор шаары Ереванда өткөн Европа Коопсуздук жана кызматташтык боюнча парламенттик ассамблеянын ачылышында сөз сүйлөгөн Пашинян:«Бирок эки өлкө «ар башка дипломатиялык тилдерде сүйлөшкөндүктөн» бири-бирин түшүнүүдө кыйынчылык тартып жатышат»,-деди.

Пашинян эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабактан улам бир аз убакытка чейин чечилбей келген жана узакка созулган кризис азыр туңгуюктан чыкканын айтты.

Пашиняндын билдирүүсү БУУнун Эл аралык сотунда Армениянын Азербайжанга каршы козгогон ишинин кароосунан кийин жасалганы көңүлдү бурду.

Армениянын премьер-министринин айтымында, Армения менен Азербайжан алардын аймактык бүтүндүгүн өз ара тааныйт. Тараптар 1991-жылы Казакстандын Алматы шаарында кол коюлган декларацияны Армения менен Азербайжандын чек арасын аныктоочу саясий элемент катары кабыл алышууда.

Пашинян Азербайжан менен тынчтык үчүн зарыл болгон үчүнчү принцип катары өлкөлөрдүн эгемендүүлүгү, мыйзамдын үстөмдүгү жана тең укуктуулугунун негизинде аймактык байланыштардын кайрадан жанданышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар