Путин Астанада Токаев менен жолугушту

Жолугушууда Путин эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылы 10 пайыздан ашык өсүп 28,2 миллиард долларга жеткенин айтты.

2062561
Путин Астанада Токаев менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен эки өлкөнүн карым-катнаштарын, өзгөчө айыл чарба жана энергетика тармагын талкуулады.

Путин жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Казакстандын борбор шаары Астанада Токаев менен жолугушту.

Жолугушууда Путин эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылы 10 пайыздан ашык өсүү менен 28,2 миллиард долларга жеткенин маалымдап, Казакстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында Орусиянын да бар экенине көңүл бурду.

Эки тараптуу соодада улуттук акчаларды барган сайын көбүрөөк колдонгондорун баса белгилеген Путин, өзгөчө айыл чарба тармагында соода жана инвестициянын ылдам өскөнүн, Орусиянын Казакстанга айыл чарба продукцияларын ташууну уланта турганын айтты.

Путин: «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер ишенимдүү жана ийгиликтүү өнүгүүдө, муну цифралар да ачык көрсөтүп турат», - деди.

Токаев ошондой эле Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин баса белгилеп, өзгөчө айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын келечеги кең экенин айтты.

Орус газынын Казакстан аркылуу Өзбекстанга ташылышынын аз убакыт мурун башталганын эске салган Токаев: «Бул долбоор Борбордук Азиядагы аймактык стабилдүүлүктү жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо негизги ролду ойнойт», - деди.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки лидер Костанай шаарында өткөн 19-Орусия-Казакстан аймактар ​​аралык кызматташтык форумуна да видеоконференция аркылуу катышты.



Тектеш кабарлар