ЭКУ саммити Ташкентте башталды

Саммитке катышкан президент Режеп Таййип Эрдогандын сессияда сөз сүйлөп, катышуучу лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

2062361
ЭКУ саммити Ташкентте башталды

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 16-саммити Өзбекстандын борбору Ташкентте башталды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кожоюндугундагы саммиттин алдында лидерлер чогуу фотосүрөткө түшүштү.

Саммитке катышкан президент Режеп Таййип Эрдогандын сессияда сөз сүйлөп, катышуучу лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Израилдин Палестинага 7-октябрдан берки тынымсыз кол салууларын токтотуусу жана Палестинага гуманитардык жардамдардын тез арада жеткирилиши саммитте карала турган маселелердин арасында болот.

Саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода, экономикалык жана маданий кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн кадамдар ташталат.

Аймактык маселелер да талкуулана турган саммитте, аймак менен Түркиянын ортосунда түз кургактык байланышын түзө турган Зенгезур коридорунун акыркы баскычы да бааланат.



Тектеш кабарлар