Хожалы кыргынына катышкан Хачатурян 15 жылга эркинен ажыратылды
Бакунун Ясамал райондук сотундагы отурумда Баку аскердик сотунун судьясы Зейнал Агаев армян Хачатурянга байланыштуу сот чечимин жарыялады.
Азербайжандын Хожалы облусунун Мешели айылында 1991 - жылдын 22 - декабрында болгон кыргынга тиешеси бар деген негиз менен соттолгон армян тектүү Вагиф Хачатурян 15 жылга эркинен ажыратылды.
Бакунун Ясамал райондук сотундагы отурумда Баку аскердик сотунун судьясы Зейнал Агаев армян Хачатурянга байланыштуу сот чечимин жарыялады.
Чечим боюнча Хачатурян 15 эркинен ажыратылды.
Армения куралдуу күчтөрү 1991 - жылы 22 - декабрда Хожалынын Мешели айылын оккупациялап 27 азербайжандыкты өлтүргөн.
Мешели кыргынынын аткаруучуларынан Хачатурян тууралуу Азербайжанда 2013 - жылы "геноцид" жана "мажбурлоо менен элди жер котортуу" кылмыштарынан улам камоо чечими чыгарылган.
Карабахта жашаган Хачатурян 29 - июлда Эл аралык Кызыл Крекст комитетинин жардамы менен дарыланат деген шылтоо менен Арменияга баратып Азербайжан чек ара коргоочулары тарабынан Лачын чек арасында кармалган.