Алиев: "140 миңден ашуун адам Карабах жана Чыгыш Зангезурга кайтып барат"

Алиев Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 10-саммитинде сөз сүйлөдү.

2059973
Алиев: "140 миңден ашуун адам Карабах жана Чыгыш Зангезурга кайтып барат"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «2026-жылдын аягына чейин 140 миңден ашуун адам Карабах жана Чыгыш Зангезурга кайтып барат»,-деди.

Алиев Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 10-саммитинде сөз сүйлөдү.

Сентябрь айында Карабахта жүргүзүлгөн антитеррордук операция менен Азербайжандын аймактагы эгемендигинин толук камсыздалганын айткан Алиев: «Антитеррордук операция учурунда жарандарга жана жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилген жок. Азербайжан эл аралык мыйзамдарды толугу менен аткарды. Муну аймакка эки жолу барган БУУнун миссиясы да тастыктады»,-деди.

Басып алуудан бошотулган аймактарда комплекстүү калыбына келтирүү жана кайра куруу иштерин баштагандарын түшүндүргөн Алиев: «Ушул максатта Азербайжан бюджетинен 7 миллиард доллар сарпталды. 2024-жылы кеминде 2,4 миллиард доллар жумшалат. Жердин чыныгы ээлери Лачын, Физули шаарларына жана 3 айылга кайтарылды. 2026-жылдын аягына чейин Карабах жана Чыгыш Зангезурга140 миңден ашуун адам кайтып барат»,- деди.

Алиев Өзбекстан менен Казакстандын жетекчилерине Физулиде мектеп жана маданий борбор куруп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, сөзүн: «Биз улуу түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгүбүз. Достугубуз жана бир туугандыгыбыз түбөлүктүү болуп, ТМУнун эл аралык таасири дагы да күчтөнөт деп ишенем»,-деп жыйынтыктады.



Тектеш кабарлар