Түрк тарыхын өзгөртө турган ачылыш: Казакстанда 3400 жылдык пирамида табылды

Казакстанда түрк тарыхын өзгөртө турган бир ачылыш болду.

2059648
Түрк тарыхын өзгөртө турган ачылыш: Казакстанда 3400 жылдык пирамида табылды

Казакстандын Караганда облусунда скиф  -  сак  коомунун алгачкы дооруна таандык пирамида түрүндөгү мүрзө табылды. Адистер Каражартас күмбөзүнүн Андроново доорунун акыркы этабы болгон Бегазы Дандибай мезгилинен бир өкүмдарга  таандык экендигин айтышууда.  

Караганда облусунун Шет районундагы жана Караганда университетинин Сары - Арка археологиялык делегациясы тарабынан аныкталган Каражартас күмбөзүндө жүргүзүлгөн эмгектер төрт казуу сезону менен улантылды.

Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде доктор Айбар Кассенали  табылган пирамидалар тууралуу биринчи баа берүүсүн ТРТ Хаберге билдирди.

Кассенали табылгалар боюнча жасалган көмүртек 14 анализинин жыйынтыгына ылайык, пирамиданын түзүлүшү биздин заманга чейинки 14 – 12 - кылымдарга таандык экендигин айтты.

«Пирамида Бегази Дандибай мезгилине таандык»

Доктор Кассенали  бул мезгилдин эмне деген мааниге келгендигин бул сөздөр менен түшүндүрдү : «Аймакта табылган бирден көп пирмамида баскычтуу  күмбөздүн болушу Сары  - Арка талаасында жайгашкан Талды дарыясы өрөөнүнүн коло доорунда Андроновдук коомдору  тарабынан Египеттеги Нил өрөөнү сыяктуу улуу лидерлери көмүлгөн  королдор  өрөөнү катары колдонулгандыгын көрсөтөт».

Кассенали мүрзө  бөлмөсүндөгү табылгаларды изилденгенде талаа пирамидасынын Андроново мезгилинде  казак талааларын башкарган жергиликтүү  бир өкүмдардын атына курулган болушу мүмкүн экендигин айтып : «Айбар  Кассенали Каражартас пирамидасындагы таштар жана күмбөздүн көлөмүнө каралганда коло доорунда жана талаа сыяктуу кургак бир аймакта ушундай чоң курулуштун болушу, Бегази Дандибай коомдору жетишкен жогорку өнөр түшүнүгү менен бай руханий ишеничинин көрсөткүчү экендигин баса белгиледи.

Бегази Дандибай мезгили : Казакстанда мамлекет түзүүнүн төмөнкү этаптары

Доктор  Серхан Чынар болсо Бегази Дандибай маданиятына байланыштуу бул маалыматтарды берди.

Батыш Түркистан аймагынын акыркы коло доорун чагылдырган Бегазы Дандибай маданиятынын негизги чарбалык иши металл экспорту болгон.

Өзгөчө Каражартас пирамидасын курдурткан  Бегази мезгилинин өкүмдарлары түштүктө Түркмөнстан Намазгах Тепе 4, батышта Харезм Тагискен табылгалары жана чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин барган кенен аянтта металл экспорттошкон.

Бул жаңы доор аймакта  талаа аристократиясы калыптанган жаңы бир социалдык жаңы коомдук элитизм катары ортого чыкты.  Ушундайча Казакстанда алгач ирет талаа коомчулуктарынын арасындагы мемлекеттик  түзүлүш калыптана баштады.  

Каражартас пирамидасынын эрте түрк аргеологиялык жана тарыхый изилдөөлөрүндөгү орду тууралуу Серхан Чынар баа берди : «Бегази Дандибай  коомчулуктары прототүрк маданиятын түзгөн Түштүк Сибирдин Карасук маданияты менен тыгыз байланышта экенин көрсөтүүдө.

Өзгөчө Бегази  Дандибай мезгилине таандык күмбөздөрдөгү мазар бөлмөлөрүнө чейин барган коридорлор салттуу түрк диний ишеничинин бир көрүнүшү катары ар дайым күн чыгыш тарапка ачылат.

Бул мезгилге таандык мазарлардагы тегерек түрүндөгү керамика  идиштер талаа турмушунун маданий уландысынын символу катары  скиф  -  сак мезгилинин ритуалдык  идиштерине, кийинки мезгилде  Азия  гунн мезгилинен тарта түрк урууларынын арасында көп кездешкен куйма казандардын архаикалык варианттарын түзүүдө.

Мүрзө араларындагы геометриялык кооздоолор жана тамга тибиндеги белгилер  этнографиялык  жана тарыхый  уландысы жагынан Ортоңку  кылым түрк урууларынын  өнөрүндө орун алууда».



Тектеш кабарлар