Токаев Макрон менен бирге Казакстан-Франция бизнес форумуна катышты

Токаев: «Казакстан Франциянын негизги чийки мунай камсыздоочуларынын бири катары экспортун көбөйтүүгө даяр»,-деди.

2059440
Токаев Макрон менен бирге Казакстан-Франция бизнес форумуна катышты

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, дүйнөнүн алдыңкы уран өндүрүүчүсү катары энергетика тармагынын 63 пайызы өзөктүк энергиядан турган Франция менен кызматташуу үчүн чоң потенциалды көргөндөрүн билдирди.

Токаев кечээ борбор шаар Астанада расмий жолугушууларды өткөргөн Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен бирге Казакстан-Франция бизнес форумуна катышып сөз сүйлөдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарында энергетика тармагынын өзгөчө орун алганын белгилеген Токаев: «Казакстан Франциянын негизги чийки мунай камсыздоочуларынын бири катары экспортун көбөйтүүгө даяр»,-деди.

Президент Токаев чийки уран өндүрүшү боюнча дүйнөдө биринчи орунда экендиктерине көңүл буруп, учурда Европада керектелген өзөктүн отундун төрттөн биринен көбүн Казакстандын камсыздап жатканын айтты.

Энергетика тармагынын 63 пайызы өзөктүк энергиядан турган Франция менен мындан аркы кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин баса белгилеген Токаев, жашыл суутек тармагында да кызматташууну улантууну каалагандарын, ошондой эле маанилүү сырьену казып алуу жана иштетүү жаатында кызматташууга маани беришкенин билдирди.

Казакстандын Европа менен Азияны байланыштырган позициясына көңүл бурган Макрон да, Борбордук коридордун өнүгүшүнө салым кошууга даяр экендиктерин белгиледи.

Казакстан менен Франциянын ортосунда “стратегиялык кендер” тармагында кызматташуу ниети тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюлду.



Тектеш кабарлар