Азербайжан-Пакистан карым-катнаштары

Алиев Азербайжанда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Пакистандын Кургактык күчтөрүнүн командири Асим Мунирди кабыл алды.

2058918
Азербайжан-Пакистан карым-катнаштары

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Жамму Кашмир темасында Пакистанды колдогондорун билдирди.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиев Азербайжанда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Пакистандын Кургактык күчтөрүнүн командири Асим Мунирди кабыл алды.

Алиев Азербайжан менен Пакистандын ортосундагы карым-катнаштардын ар түрдүү тармактарда, анын ичинде аскердик тармакта да ийгиликтүү өнүгүп жатканын маалымдады.

Президент Алиев Армениянын Азербайжан жерлерин басып алган мезгилде Пакистан өкмөтү жана элинин өлкөсүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалагандарын баса белгиледи.

Армениянын агрессивдүү саясаттарынан улам Пакистандын бул өлкө менен дипломатиялык карым-катнаш түзө албашынын Азербайжанга көрсөткөн бир туугандыктын бир мисалы экенине көңүл бурган Алиев, 2-Карабах согушунда Азербайжанга көрсөткөн саясий колдоосу үчүн Пакистанга ыраазычылык билдирди.

Азербайжан менен Пакистандын ортосунда коргоо өнөр жайы тармагында ийгиликтүү кызматташтык бар экенин айткан Алиев, эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшүнүн маанисине токтолду.

Өлкөлөрдүн эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө көңүл бурган Алиев, Жамму Кашмир маселесинде Пакистанды ар дайым колдогондорун баса белгиледи.

Пакистан Кургактык күчтөрү командири Мунир да 2-Карабах согушундагы жеңиши жана сентябрь айындагы антитеррордук операциянын ийгилиги менен Алиевди куттуктап, Азербайжандын жеңиштеринин Пакистанда чоң кубаныч менен кабыл алынганын билдирди.

Азербайжан менен бир тууган экендерин белгилеген Мунир, ушул себептен Арменияны бүгүнкү күнгө чейин тааныбагандарын айтты.

Мунир Жамму Кашмир темасындагы колдоосу үчүн Азербайжанга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар