Казакстанда көмүр шахтасында өрт чыкты

Алгачкы маалыматтар боюнча өрттөн 32 адам каза болду.

2057060
Казакстанда көмүр шахтасында өрт чыкты

Казакстандагы көмүр шахтасында чыккан өрттөн алгачкы маалыматтар боюнча 32 адам каза болду.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда «Арселор Миттал Темиртау» кен ишканасына караштуу карьерде каза болгон жумушчулардын саны 32ге жетти. 14 кенчини издөө - куткаруу иштери уланууда.

Президент Касым Жомерт Токаев окуя болгон Караганды облусунда каза болгон шахтерлордун жакындарына көңүл айтты.

29 - октябрдын Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганын билдирген Токаев өкмөткө кенди иштеткен «Арселор Миттал Темиртау» компаниясы менен кызматташууну токтотууну тапшырганын жана жаңы жетекчи дайындаганын билдирди.

Токаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган кенчилерге ар кандай колдоолордун көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Караганды облусундагы "Арселор Миттал Темиртау" кен ишканасына караштуу 700 метр тереңдиктеги Костенко шахтасында түнкүсүн өрт чыкты.

Кендеги 252 жумушчунун 206сы чыгарылып, 22 кишинин сөөгүнүн табылганы, калган 24 шахтерду издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы маалымдалды.

Башкы прокуратура да бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштаганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар