Астанада бир проспектиге "Анадолу" деген ат берилди
Казакстанда бир проспекти Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата "Анадолу" деп аталды.
Казакстанда бир проспекти Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата "Анадолу" деп аталды.
Өлкөнүн борбор шаары Астанадагы борбордук проспектилердин бирөөсүнүн аты "Анадолу" болду.
Астанынын Нур Алем Глобусу сыяктуу көрүнүктүү туристтик борборлору орун алган аймактагы проспектиде өткөрүлгөн аземге катышкан Түркиянын Астанадагы элчиси Мустафа Капужу Евразия географиясынын эки тарабында орун алган, эки өлкөнүн ортосундагы аралыкка карабастан Түркия менен Казакстандын ортосунда тил, маданият жана диний биримдик сыяктуу орток жактарынын бар экендигин айтты.
Эки өлкөнүн ортосундагы руханий байланыштарда маанилүү орунга ээ Кожо Ахмет Ясавийдин Анадолудагы өкүлү болуп саналган Юнус Эмренин эстелигин ачкандарын белгилеген Капужу : "Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгы белгиленип жаткан бул күндөрдө ачылышы аткарылган Анадолу проспектисинин да түрк - казак биримдигинин мыкты символу болду деп ойлойм",- деди.
Астана губернаторунун орун басары Есет Байкен да Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына байланыштуу Астанадагы бир проспектиге «Анадолу» деген ысым ыйгаруу буйругун бергенин билдирип : "Бүгүн баарыбыз бул проспектинин ачылышына күбө болуп жатабыз», - деди.