Пашинян, Азербайжан менен тынчтык келишими

Пашинян Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөрүлгөн 4-Эл аралык Жибек Жолу форумунда аймактагы байланыш линиялары жана Азербайжан менен тынчтык процесси тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

2056312
Пашинян, Азербайжан менен тынчтык келишими

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, алдыдагы айларда Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюлушун жана дипломатиялык мамилелердин түзүлүүсүн үмүт кылганын билдирди.

Пашинян Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөрүлгөн 4-Эл аралык Жибек Жолу форумунда аймактагы байланыш линиялары жана Азербайжан менен тынчтык процесси тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Армениянын аймактагы бардык транспорт жана байланыш линияларын ачууга аракет кылып жатканын айткан Пашинян: «Негизги маселе - транспорт жана байланыш жолдорунун курулушу, мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн алкагында жана тынч шартта жүргүзүлүшү керек. Биринчи кезекте ар бир өлкө өз мамлекеттик мекемелери аркылуу бажы жана чек аралардагы транспорттун жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл. Арменияда ушундай мекеме түзүлөт, адамдардын жана мүлктөрдүн коопсуздугу үчүн шарттар түзүлөт. Бардык өлкөлөр өз ара жана тең укуктуулук принцибинин негизинде бири-биринин инфраструктурасын пайдаланат», - деди.

Никол Пашинян Азербайжан менен нормалдашуу жана тынчтык процессине токтолуп: «Алдыдагы айларда Азербайжан менен тынчтык жана карым-катнаштын түзүлүшү боюнча келишимге кол коебуз деп үмүттөнөм. Азербайжан менен Армения бири-биринин жерлерин тааныды»,-деп айтты.

Келечекте Түркия менен чек араларды ачууну да ойлоп жатышканын белгилеген Пашинян: «Ал тургай дипломаттардын эркин өтүшүн камсыздайбыз деп үмүттөнөм»,-деди.



Тектеш кабарлар