Азербайжанда «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу

Машыгуу 25-октябрга чейин уланат.

2054488
Азербайжанда «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу

Азербайжанда Түркия менен Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу башталды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынан улам уюштурулган машыгуунун Баку, Нахчыван жана баскынчылыктан бошотулган аймактарда башталганы белгиленди.

Билдирүүдө машыгууда 3 миң персонал, 130 танк жана бронетехника, 100гө жакын артиллериялык жана ракеталык система, 20га жакын учак жана тик учактын орун алганы айтылды.

Машыгууда заманбап согуштук ыкмалар колдонулуп ракеталык жана артиллериялык бөлүкчөлөр, учактар ​​жана тик учактар ​​менен миссиялардын аткарылары, дарыяларды кесип өтүү үчүн понтон көпүрөлөрү курулары айтылды.

Түрк жана Азербайжан армиясынын ортосундагы карым-катнашты жана координацияны арттырууну максат кылган машыгуу 25-октябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар