Мирзиёев Казанда Минниханов менен жолукту

Мирзиёев Казанда Татарстан Республикасынын башчысы Минниханов менен жолугуп, тараптардын ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

2047282
Мирзиёев Казанда Минниханов менен жолукту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусияга расмий сапарынын биринчи аялдамасы Казанда Татарстан Республикасынын Президенти Рүстем Минниханов менен жолугушту.

Өзбекстандын Президентик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Мирзиёев Казанда Татарстан Республикасынын башчысы Минниханов менен жолугуп, тараптардын ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Жолугушууда Мирзиёев акыркы жылдардагы эки тараптуу карым-катнаштардын жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирип, тараптардын ортосундагы соода жана инвестиция көлөмүнүн акырындап өскөнүн, көптөгөн биргелешкен инвестициялык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылганын айтты.

Мирзиёев менен Минниханов кечээ Казанда өткөрүлгөн Өзбекстан-Орусия 3-Аймактар ​​аралык кызматташтык форумунун жыйынтыгынын канааттандырарлык экенин белгилешип, бул кызматташтыктарды улантуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда Мирзиёев менен Минниханов келечекте металлургия, коммуникация, турак жай жана социалдык тармактарда кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу, билим берүү, туризм жана жаштар саясатында кызматташтыкты кеңейтүү темаларын талкуулап, Өзбекстанда орусиялык технопарктарды түзүү боюнча жетишилген келишимдерди ишке киргизүү жана жалпы жол карталарынын негизинде маанилүү темаларда конструктивдүү өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Жолугушуулардын алкагында Мирзиёев Минниханов менен Казань шаарындагы «Казан Экспо» борборунда ачылган Татарстандын өнөр жай жарманкесин кыдырып, бул жердин алдыңкы ишканаларынын өнөр жай продукциялары жана технологиялары менен таанышты, ошондой эле Казан Кул Шариф мечитин көрүп чыкты. 

Мирзиёев бүгүн борбор шаар Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.



Тектеш кабарлар