Карабахтагы армяндардын Азербайжанга интеграциясы

Президенттик аппараттан Карабахтагы армян калкынын Азербайжанга интеграцияланышынын чоо-жайына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2045231
Карабахтагы армяндардын Азербайжанга интеграциясы

Азербайжандын президенттик администрациясы Карабахтын армян тургундары дин жана ишеним эркиндигине ээ болуп, өз тилин колдоно ала турганын билдирди.

Президенттик аппараттан Карабахтагы армян калкынын Азербайжанга интеграцияланышынын чоо-жайына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө интеграция процессинин Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнүн алкагында, Азербайжан Конституциясынын, мыйзамдарынын жана эл аралык милдеттенмелеринин негизинде ишке ашырылаары баса белгиленди.

Армян тургундары жашаган аймактарда башкаруу Азербайжандын президентинин атайын өкүлү аркылуу ишке ашып, тургундар да атайын өкүлдүн ишине катыша ала турганы, аймакта муниципалитеттер түзүлөрү жана шайлоолор өткөрүлөрү айтылды.

Билдирүүдө аймактын коопсуздугу Азербайжандын Ички иштер министрлиги тарабынан камсыздала турганы жана армян тургундарынын да министрликке кадрдык кызматка алынышы мүмкүн экендиги ортого салынды.

Аймактагы физикалык жана социалдык инфраструктуралар (билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, газ, суу, жол, байланыш) белгилүү бир убакыт аралыгында өлкөнүн орточо көрсөткүч деңгээлине жеткирилип, салык жана бажы жеңилдиктери ишке ашырылат.

Билдирүүдө Азербайжандын улуттук акчасы манаттын аймакта колдонула турганы жана армян дыйкандарына субсидия берилери белгиленди.

Билдирүүдө армян жашоочулары өз маданиятын коргоо жана өнүктүрүү укугуна ээ болоору, ошондой эле дин жана ишеним эркиндигине ээ болоору жана өз тилин колдоно турганы, эстеликтери мамлекет тарабынан корголо турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар