Өзбекстанда түрк кино күндөрү башталды

Жибек Жолунун бермети 15-Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында фестивалдын өзгөчө коногу Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата Маданият түнү жана Түрк кино күндөрү ачылды.

2044634
Өзбекстанда түрк кино күндөрү башталды

Өзбекстанда өткөрүлгөн Жибек Жолунун бермети 15-Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында фестивалдын өзгөчө коногу Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата Маданият түнү жана Түрк кино күндөрү ачылды.

Иш-чарага Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстандын Маданият министри Азадбек Назарбеков, Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу жана Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар, ошондой эле фестивалга Түркиядан келген артисттер жана коноктор катышты.

Түндүн ачылышында сөз сүйлөгөн министр Назарбеков фестиваль дүйнөгө белгилүү кино артисттерин гана чогултпастан, өз ара тажрыйба жана маалымат алмашууда да маанилүү роль ойноорун билдирди.

Фестивалдын кино искусствосунун тарыхында жаркын барак болуп кала турганына ишенгенин баса белгилеген Назарбеков Өзбекстандын 115 жылдык кино тарыхы бар экенин түшүндүрдү.

Назарбеков Түркиянын Маданият жана туризм министрлигин маданият жана искусство адамдарына көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстандын «Маданият жана искусствого берилгендик» медалы менен сыйлоону каалагандарын белгилеп, сыйлыкты Батухан Мумжуга тапшырды.

Маданият жана туризм министринин орун басары Мумжу да эки өлкөнүн ортосунда президенттик деңгээлде абдан жакшы карым-катнаштар бар экенине токтолуп, маданият тармагындагы кызматташтыктын ушул алкакта дагы да артып жатканын баса белгиледи.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Раев Түрк дүйнөсүнүн кинематографиясына салым кошкон, өмүрүн киного арнаган жана анын өнүгүшүнө салым кошкон кино өнөрчүлөргө ТҮРКСОЙдун Ардак орденин тапшырды.

Ардак ордени менен сыйлангандардын арасында Азербайжандан Элчин Гулиев, Кыргызстандан Артыкпай Сүйүндүков, Казакстандан Тунгышбай Жаманкулов, Түркмөнстандан Мая Аймедова, Өзбекстандан Гүлчехре Камилова, түрк кино артисти жана режиссеру Семих Капланоглу орун алышты.



Тектеш кабарлар