Азербайжан Карабахтагы армян калкын тейлей баштады

Билдирүүдө облустун жашоочуларынын социалдык муктаждыктарын аныктоодо Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин кызматкерлери да активдүү экени белгиленген.

2044693
Азербайжан Карабахтагы армян калкын тейлей баштады

Азербайжандын мамлекеттик мекемелери Карабахтагы армян калкын тейлей баштады.

Азербайжандын президенттик администрациясынын билдирүүсүндө, Ханкендиге барган Мамлекеттик миграция департаментинин кызматкерлери интеграция процессине катышууну каалаган армян тургундарын алдын ала каттоо процедураларын аткарганы белгиленди.

Билдирүүдө облустун жашоочуларынын социалдык муктаждыктарын аныктоодо Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин кызматкерлери да активдүү экени белгиленген.

Президенттик администрациянын башка бир билдирүүсүндө, Ханкендиде Азербайжандын саламаттыкты сактоо мекемелерине караштуу бир топтун иштей баштаганы белгиленди.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабахтагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады.

Операция менен аймактагы эгемендигин толугу менен орноткон Азербайжан армян калкын жерлерин таштабоого жана азербайжан коомунун бир бөлүгү болууга чакырды.



Тектеш кабарлар