Карабахта колго түшүрүлгөн аскердик каражаттар

Хожавендде армян куралдуу топторуна таандык аскердик унаалар менен артиллериялык батареялардын колго түшүрүлүп, бардыгынын конфискациялангандыгы жарыяланды.

2044482
Карабахта колго түшүрүлгөн аскердик каражаттар
karabag ermeni araclari.jpg
karabag ermeni kamyonlari.jpg
karabag ermeni toplari.jpg

Азербайжандын Коргоо министрлиги Карабахта колго түшүрүлгөн армян куралдуу топторуна таандык аскердик унааларды, артиллериялык батареяларды жана транспорт жолдорундагы  позицияларды жок кылган сүрөттөрдү бөлүштү.

Азербайжандын Карабах аймагында  19 - сентябрда баштаган жана армян куралдуу топторунун багынып беришинен 24 сааттан кийин аяктаган антитеррордук операциядан кийин аймактагы тазалоо иштери уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Хожавендде армян куралдуу топторуна таандык аскердик унаалар менен артиллериялык батареялардын колго түшүрүлүп, бардыгынын конфискациялангандыгы жарыяланды.

Армян куралдуу топтору таштап кеткен позиуиялар жана таяныч пункттары талкаланып, аймактагы транспорт жолдорунун ачылганы белгиленди.

Тертер жана Агдере шаарларын бириктирген жолдогу позициялар талкаланып, унаалардын коопсуз өтүшү үчүн шарттын түзүлгөндүгү  маалымдалды.



Тектеш кабарлар