Алиев өлкөсүнүн Карабах аймагында жашаган армян тургундарынын укуктары тууралуу маалымат берди

Бул тууралуу Азербайжандын Президенттигинин басма сөз кызматынан берилген маалымат орун алды.

2043418
Алиев өлкөсүнүн Карабах аймагында жашаган армян тургундарынын укуктары тууралуу маалымат берди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүнүн Карабах аймагында жашаган армян тургундарынын укуктары өлкөнүн мыйзамдары жана эл аралык милдеттенмелердин алкагында камсыздала турганын айтты.

Азербайжандын Президенттигинин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда Алиев, сүйлөшүү үчүн борбор шаар Бакуга барган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) төрагасы Саманта Пауэр, АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштеринен жооптуу орун басары Юрий Ким жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кавказ сүйлөшүүлөрү боюнча кеңешчиси Луис Бонону кабыл алды.

Жолугушууда Азербайжандын Карабах аймагындагы антитеррордук операциянын натыйжасында түзүлгөн азыркы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Алиев мыйзамсыз армян күчтөрүнүн колунан жүздөгөн аскердик техника, курал жана ок-дарылардын алынганын, Азербайжандагы чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу координациялык кеңсесинин өкүлүнүн колго түшкөн куралдарды жеринде иликтегенин билдирди.

Мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрүнүн куралсыздандырылып, Азербайжан аймагынан чыгарылганын белгилеген Алиев, операцияда бир гана аскердик объектилердин бутага алынганын, карапайым калкка зыян келтирилбегенин белгиледи.

Алиев Карабах аймагында жашаган армян тургундарынын укуктарына көңүл буруп, Азербайжанда жашаган башка этникалык азчылыктар сыяктуу алардын укуктары да өлкөнүн мыйзамдары жана эл аралык милдеттенмелери алкагында камсыз кылынарын баса белгиледи.

Азербайжандын мамлекеттик жетекчилери менен армян калкынын өкүлдөрүнүн ортосунда интеграция темасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген Алиев аймактагы инфраструктуранын жаңыланганын, армян тургундарына жардам жөнөтүп жатканын жана муну улантуу боюнча Эл аралык Кызыл чырым комитети менен кызматташып жаткандарын белгиледи.

Жолугушууда аймактагы стабилдүүлүктү камсыз кылуунун жана армян калкы менен диалогдун маанилүүлүгү да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар