Эрсин Татар ТРТга маалымат берди

Татар, Эрдогандын Кипр түрк элине ар дайым толук колдоо көрсөтүп келгенин билдирди.

2043063
Эрсин Татар ТРТга маалымат берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар президент Режеп Таййип Эрдогандын Кипр түрк элинин дүйнөдөгү үнү экенин айтты.

Эрсин Татар Түркиянын радио жана телеберүү мекемесине (ТРТ) билдирүү жасады.

Татар Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кипрде туруктуу тынчтыктын жалгыз ачкычынын Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу экенин айткан билдирүүсүнүн абдан баалуу экенин маалымдады.

Президент Эрдогандын Кипр түрк элинин дүйнөдөгү үнү экенин баса белгилеген Татар, Эрдогандын Кипр түрк элине ар дайым толук колдоо көрсөтүп келгенин билдирип: «Бактыга жараша, күчтүү лидер жана күчтүү Түркия бар. Урматтуу президенттин колдоосу бизге дем берүүдө»,- деди.

Татар ошондой эле Азербайжандын президенти Илхам Алиевге да Түрк мамлекеттер уюмунун Казакстандагы жыйынына катышуусу темасында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Англиянын мурунку тышкы иштер министрлеринин бири Жек Строунун: «Рум тарабынын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогонум үчүн өкүнөм» деген билдирүүсүнө да баа берген Татар: «Бул моюнга алуу болуп саналат. Анткени Аннан планы даярдалып жаткан маалда Жек Строу Британиянын тышкы иштер министри катары катышкан»,-деп айтты.

Кипрде диалогдон качпай тургандарын белгилеген ТКТР президенти, Түштүк Кипрдин Рум башкаруусун кызматташууга чакырды.



Тектеш кабарлар