Хожалыдагы Карабах жолугушуусу

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда жыйынга Азербайжандан Карабах аймагында жашаган армяндар менен байланыштан жооптуу Рамин Мамедов катышууда.

2042019
Хожалыдагы Карабах жолугушуусу

Азербайжандын Карабах аймагындагы Хожалы шаарында азербайжандар менен Карабахтын армян калкынын өкүлдөрүнүн экинчи жолугушуусу башталды.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда жыйынга Азербайжандан Карабах аймагында жашаган армяндар менен байланыштан жооптуу Рамин Мамедов катышууда.

Азербайжан армиясынын 19-сентябрда Карабахта 24 саатка созулган антитеррордук операциясынан кийин армян куралдуу топторунун багынып бериши менен армян калкы менен Азербайжан өкүлдөрүнүн ортосунда диалог процесси башталды.

Операциядан кийин Азербайжандын өкүлдөрү менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрү 21-сентябрда Азербайжандын Евла шаарында чогулуп, алгачкы жыйынын өткөрүштү.

Жолугушууларда Карабахта жашаган армян калкынын реинтеграцияланышы жана аймактын инфраструктурасын калыбына келтирүү менен алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери талкууланса, армян калкынын өкүлдөрү алардын чукул муктаждыктарын канааттандыруу өтүнүчү менен кайрылышты.

Азербайжан тарап да бул муктаждыктар кыска мөөнөттө канааттандырыларын билдирди.

Ошондой эле экинчи жолугушууну кыска мөөнөттө өткөрүү макулдашылды.



Тектеш кабарлар