Азербайжанда шейит

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.35тер чамасында Азербайжан армиясына таандык жүк ташуучу унаа өтүп бара жаткан учурда минанын жарылгандыгы маалымдалды.

2041856
Азербайжанда шейит

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Карабакта мыйзамсыз армян күчтөрү койгон минанын жарылышынын натыйжасында эки аскер шейит болуп, бир аскердин жараланганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.35тер чамасында Азербайжан армиясына таандык жүк ташуучу унаа өтүп бара жаткан учурда минанын жарылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Азербайжан позицияларынын ортосундагы жолго армян күчтөрү тарабынан террордук максатта орнотулган танкка каршы минанын жардырылышынын натыйжасында унаадагы эки аскердин шейит болгону, бирөөнүн жараланганы белгиленди.

Жаракат алган жоокердин өмүрүнө коркунуч жок экени айтылды. 



Тектеш кабарлар