Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанчбек Өмүралиев Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди

Түрк мамлекеттер уюмунун  баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Карабах Азербайжандын жана түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү экендигин айтты.

2041260
Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанчбек Өмүралиев Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди

Түрк мамлекеттер уюмунун  баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Карабах Азербайжандын жана түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү экендигин айтты.

Өмүралиев Нью - Йоркто Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Өмүралиев Карабахтагы шайлоого жана Азербайжандын бул аймакта 19 -с ентябрда баштаган антитеррордук операциясы тууралуу суроого жооп берип, Карабахтын Азербайжандын эгемендигинде экенине басым жасап буларды айтты : "Карабах, албетте, Азербайжандын бир бөлүгү, бирок түрк дүйнөсүнүн да бир бөлүгү", - деди

Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына токтолгон Өмүралиев :  «Биздин күн тартибибиздеги маселелердин бири БУУнун Башкы Ассамблеясынын байкоочу статусу болду»,-деди.

Өмүралиев иш сапарынын алкагында Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысы Касим Мухаммад аль-Будейви, Африка Биримдиги жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) өкүлдөрү менен да жолукканын айтып, Экономикалык Кызматташтык Уюму (ЭКУ) менен жогорку деңгээлдеги жыйынга  катышканын белгиледи. 

Уюмдун өз аймагында гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө да иш алып барганын баса белгилеген Өмүралиев :  «Уюмубуз көбүрөөк байкалып, бардык тараптарга кызыгуу көрсөтүүдө»,-деди. деди.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергия булактарына бай экенин баса белгилеген Өмүралиев, өлкөлөрдүн биргеликте күчтүү экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар