Карабахта антитеррордук операция

Азербайжандын Коргоо министрлиги Азербайжандын аймагындагы армян куралдуу күчтөрүнүн Агдам провинциясы багытында Азербайжан армиясынын позицияларына каршы түрдүү калибрдеги куралдар менен катуу аткыланганын билдирди.

2039381
Карабахта антитеррордук операция

Азербайжандын башкы прокуратурасы Азербайжандын Карабах аймагында Армения куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн Шушага минометтор менен кол салып,  1 жарандын каза болгонун жарыялады.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Армения куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн Шушага миномет менен кол салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, кол салуудан Шуша мамлекеттик ротасында инженер болуп иштеген Видади Ферхадовдун каза болгондугу айтылды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Карабакта мыйзамсыз армян күчтөрү аткан октон Азербайжандын 2 аскеринин жаралангандыгын билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Азербайжандын аймагындагы армян куралдуу күчтөрүнүн Агдам провинциясы багытында Азербайжан армиясынын позицияларына каршы түрдүү калибрдеги куралдар менен катуу аткыланганын билдирди.

Министрликтин темага байланыштуу билдирүүсүндө, Россиянын Тынчтык күчтөрү убактылуу жайгаштырылган Азербайжан аймагындагы армян  куралдуу күчтөрүнүн  бөлүктөрүнүн Азербайжан армиясынын Агдам багытындагы  позицияларына түрдүү калибрдеги куралдар менен катуу ок аткандыгы белгиленди. 

Азербайжандын Коргоо министрлиги  Карабахтагы  армян калкынын кооптуу аймактан эвакуацияланышы үчүн Лачын жолу жана башка багыттарда гуманитардык коридорлор жана кабыл алуу пункттарынын түзүлгөнүн жарыялады.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Азербайжан армиясынын Азербайжандын Карабах аймагында жүргүзгөн жергиликтүү антитеррордук иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө чара көрүүлөрдүн негизинде жрандар менен инфраструктуранын бутага алынбагандыгы, бир гана мыйзамдуу аскердик буталардын жок кылынганы маалымдалды. 

Карабахтагы армян жарандарга Армениянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик обьектилери жайгашкан жерлерден алыс туруу жана аларга жардам бербөөгө чакыруу салынды. 

Министрлик Карабахта конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн куралсыздандыруу жана Азербайжан аймагынан чыгаруу максатында жергиликтүү антитеррордук иштердин башталганын жарыялады. 


 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар