Түрк дүйнөсүнүн пластикалык хирургия платформасы

Демирдөвер, платформаны түзүү үчүн 6 айга жакын убакыттан бери иштеп жатышканын билдирди.

2038411
Түрк дүйнөсүнүн пластикалык хирургия платформасы

Түркиянын лидерлигинде Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстан менен биргеликте түзүлгөн Түрк дүйнөсүнүн Пластикалык хирургия платформасы Борбор Азиядагы ден соолук туризмине салым кошот.

Коньяда өткөрүлгөн Балкан Пластикалык Реконструкциялоо жана Эстетикалык Хирургия Биримдигинин (BAPRAS) 12-конгресси үчүн шаарга келген Түрк Пластикалык Реконструкция жана Эстетикалык Хирургия Биримдигинин төрагасы, профессор доктор Женк Демирдөвер конгресстин абдан жемиштүү өткөнүн айтты.

Конгрессте Түркиянын лидерлигинде Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстан менен биргеликте Түрк дүйнөсүнүн Пластикалык хирургия платформасын түзүшкөндөрүн белгилеген Демирдөвер, платформаны түзүү үчүн 6 айга жакын убакыттан бери иштеп жатышканын билдирди.

Платформанын негизги максатынын пластикалык хирургия тармагында алдыга жылуу экенин түшүндүргөн Демирдөвер: «Илимий мазмунду алдыңкы планга чыгара тургандай түрдө пластикалык хирургия боюнча өз ара алмашуу программаларын түзөбүз»,-деди.

Демирдөвер Түркиянын пластикалык хирургия тармагында аймагынан эле эмес, Европа жана АКШдан да алда канча алдыда экенин белгиледи.

Өлкө катары мунун эң чоң артыкчылыгын ден соолук туризминде көргөндөрүнө басым жасаган Демирдөвер: «Борбор Азиядагы түрк мамлекеттеринде пластикалык хирургия анчалык жакшы абалда эмес. Биз бул платформаны алар менен билим жана тажрыйба бөлүшүү, ал жактагы билим берүүнү стандартташтыруу жана жакшыртуу үчүн түздүк»,-деп айтты.

Демирдөвер платформадагы өлкөлөрдүн биргелешкен жолугушууларды уюштура турганын жана пикир алмашуудан тышкары үйрөнгөн билимди өз ара алмашуу программалары аркылуу бири-бирине өткөрө тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар