Үстел: «Түркиянын чоң салымдары менен жаңы долбоорлорду абдан ылдам ишке ашырабыз»

Кипр түрк агенттигинин (TAK) премьер-министрликтин билдирүүсүнө таянып кабарлаганына караганда, премьер-министр Үстел Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары тууралуу баа берди.

2037588
Үстел: «Түркиянын чоң салымдары менен жаңы долбоорлорду абдан ылдам ишке ашырабыз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Үнал Үстел, эң маанилүү инфраструктура көйгөйлөрүн 3 жылда чече тургандарын баса белгилеп: «Негизги мекенибиз Түркиянын чоң салымдары менен жаңы долбоорлорду абдан ылдам ишке ашырабыз»,-деди.

Кипр түрк агенттигинин (TAK) премьер-министрликтин билдирүүсүнө таянып кабарлаганына караганда, премьер-министр Үстел Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары тууралуу баа берди.

Негизги мекен Түркиянын күчтүү колдоосу менен биринин артынан бири чоң долбоорлорду ишке ашырып жатышканын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын дүйнө менен жакындаштырууну максат кылгандарын белгилеген Үстел вице-президент Йылмаз менен экономикадан тартып инфраструктуралык инвестицияга, өнөр жайдан соодага, айыл чарбадан эмгек жашоосуна, транспорттон туризмге, саламаттыкты сактоодон билим берүүгө чейин көп тармак боюнча сүйлөшкөндөрүнө көңүл буруп:«Негизги мекенибиз Түркиянын чоң салымы менен жаңы долбоорлорду абдан ылдам ишке ашырабыз. Түндүк Кипр Түрк Республикасы-Түркия карым-катнаштары финансылык эмес, турмуштук мааниге ээ»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар