Азербайжан: «Армения менен байланышы бар мыйзамсыз режим жолдордун ачылышына тоскоол болууда»

Бул тууралуу Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев Х социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө айтты.

2037050
Азербайжан: «Армения менен байланышы бар мыйзамсыз режим жолдордун ачылышына тоскоол болууда»

Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев Карабакта Арменияга караштуу мыйзамсыз режим Агдам-Ханкенди жана Лачын-Ханкенди жолдорунун бир убакта ачылышына тоскоол болгонун билдирди.

Хажиев, Х социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Агдам-Ханкенди жана Лачын-Ханкенди жолдорун Эл аралык Кызыл чырым комитети (ЭКЧК) коштой турган жүк ташуучу унаалар үчүн мүмкүн болушунча тез арада жана бир убакта ачуу боюнча макулдашууга жетишилгенин, бул маселе боюнча ЭКЧК менен байланыштарын улантып жатканын билдирди.

Ошол күндөн бери 12 күн өткөнүн эске салган Хажиев: «Бирок Армения менен байланышы бар мыйзамсыз режим бул өтмөккө жана жолдорду ачууга тоскоол болууда. Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздү Арменияга жана ал орноткон мыйзамсыз режимге бул деструктивдүү саясатты токтотуу үчүн кысымды эки эсеге көбөйтүүгө чакырабыз. «Боз аянт» статус-квосун сактап калуу жана аймакта атайылап гуманитардык көйгөйлөрдү жаратуу менен милитаризациялоо алардын курулай стратегиясы»,-деп айтты.

Азербайжан, Карабак аймагында жашаган армяндардын Арменияга барып-келүү үчүн пайдаланган Лачын-Ханкенди жолуна, чек арачыларга Армения тараптан ок атылышын жана  Эл аралык Кызыл чырым комитетинин унаалары менен контрабандалык жүктөрдү ташууну себеп көрсөтүп бир нече убакыттан бери чектөөлөрдү киргизип келет.

Карапайым калк үчүн ачык болгон каттамда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынган.

Жолдун жабылгандыгын шылтоолоп Карабактагы армян калкынын «гуманитардык кризиске кабылганын» доомат кылган Армениянын жөнөткөн жүк ташуучу унаалары бир айга жакын убакыттан бери чек арада күтүүдө.

Баку администрациясы өзүнүн эгемендигиндеги жерлерге мурда талкууланбаган жүктөрдү жөнөтүүгө уруксат бербей турганын билдирип, Карабактагы армян калкына жүк ташуу үчүн Агдам-Ханкенди жолун сунуштоодо.

Азербайжандын Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Карабакта жашаган армяндар үчүн жөнөтүлгөн 40 тонна ун жүктөлгөн эки гумжардам унаасы орус күчтөрүнүн Агдам-Ханкенди жолундагы көзөмөл пунктунда 2 жумага жакын убакыттан бери кармалууда. Жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө Карабактагы армяндардын администрациясы делген тарап тоскоол болууда.



Тектеш кабарлар