Апааттарга каршы глобалдык кызматташтык

Йерликая Азербайжанда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) апаат жана чукул кырдаалдардан жооптуу министрлеринин 2-жыйынына катышып сөз сүйлөдү.

2034339
Апааттарга каршы глобалдык кызматташтык

Ички иштер министри Али Йерликая жергиликтүү гана эмес глобалдык маселе болгон апааттарга каршы глобалдык кызматташтыктын эми тандоо эмес, зарылчылык экенин айтты.

Йерликая Азербайжанда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) апаат жана чукул кырдаалдардан жооптуу министрлеринин 2-жыйынына катышып сөз сүйлөдү.

Түркиянын 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбулда өткөрүлгөн ТМУ саммитинде жарандык коргонуу механизминин түзүлүүсүн сунуштаганын эске салган Йерликая, өткөн жылы борбор шаар Анкарада болгон апаат жана өзгөчө кырдаалдардан жооптуу министрлердин 1-жыйынында, табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу жана калыбына келтирүүгө салым кошуу үчүн биргелешкен издөө, куткаруу жана жакшыртуу аракеттерин ишке ашыруу максатында Апаатарга чара көрүү бөлүмүн түзүү темасынын сүйлөшүүлөргө ачылганын түшүндүрдү.

Йерликая ТМУнун Жарандык коргонуу механизминин түзүлүүсүнө байланыштуу келишимдин да Казакстандын Түркстан шаарында 3-ноябрда боло турган ТМУ 10-саммитинде даяр боло турганын белгиледи.

Түркияда 6-февралда катталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдү эске салган Йерликая, Түркиянын эл аралык жардам чакырыгына 103 өлкөдөн сунуш келгенин, алгачкы жардамга келгендердин арасында Түрк дүйнөсүнүн да бар экенин айтты.

Апааттардын бир гана жергиликтүү эмес глобалдык маселе экенин баса белгилеген ички иштер министри Йерликая:  «Ошондуктан глобалдык деңгээлде апааттарга каршы кызматташуу мындан ары тандоо эмес, зарылчылык болуп калды»,-деди.



Тектеш кабарлар