Алиев: «Иш-чараларда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын желеги желбирейт»

Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардан жооптуу министрлер жыйынынын катышуучуларын кабыл алды.

2034494
Алиев: «Иш-чараларда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын желеги желбирейт»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндөгү иш-чараларда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) желеги желбирей турганын айтты.

Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардан жооптуу министрлер жыйынынын катышуучуларын кабыл алды.

Кабыл алууга ТМУнун башкы катчысы,элчи Кубанычбек Өмүралиев, Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министри Кемаледдин Хайдаров, ички иштер министри Али Йерликая, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев жана ТКТРнын  ички иштер министри Дурсун Огуз катышты.

Алиев ТМУнун мамлекет башчыларынын саммитинин эки айдан кийин боло турганын жана бул жыйында кырсыктарды башкаруу боюнча кызматташтык келишимине кол коюлушу күтүлүп жатканын, буга чоң муктаждык бар экенин билдирди.

Аймакта да, дүйнөдө да табигый кырсыктардын көбөйүп баратканына көңүл бурган Алиев, Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөнү жана Азербайжан баш болгон бир тууган өлкөлөрдүн колдоо аракеттерин эске салды.

Кабыл алууга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлүнүн да катышканын белгилеген Алиев: «Өзгөчө кипрдик түрк боордошторубузга салам айткым келет. Министр бул жерде байкоочу катары да ошол эле учурда өз өлкөсүнүн желеги менен өкүлдүк кылууда. Албетте ТКТРнын желеги биздин иш-чарабызда желбиреп турушу керек жана желбирей берет»,-деп айтты.

Ички иштер министри Йерликая да Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин Азербайжандан берилген жардамдар үчүн ыраазычылык билдирип: «Түрк улуту Азербайжандын боордош жардамын эч качан унутпайт. Азербайжан биринчи жардамга келгендей эле, Азербайжандын куткаруучу топтору да эң акыркы болуп кетишти. Бизди материалдык жана моралдык жактан камсыз кылуу үчүн мобилизацияланган азербайжандык боордошторубузга канчалык рахмат айтсак да аздык кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар