Татар: «Түрк аскерлери аралдан чегинсе, расисттик кол салуулардын бутасы кипрлик түрктөр болот»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунда мечиттерге жана чет элдик жарандарга кол салуулардын акыркы күндөрдө күчөгөнүн белгиледи.

2032963
Татар: «Түрк аскерлери аралдан чегинсе, расисттик кол салуулардын бутасы кипрлик түрктөр болот»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Рум тарабынын Лимасол шаарында чет элдик жарандарга карай кол салууларга байланыштуу, «Түрк аскерлери аралдан чегинген учурда, Түштүк Кипр Рум башкаруусундагы расисттик кол салуулардын бутасы кипрлик түрктөр болот»,-деди.

Татар, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунда мечиттерге жана чет элдик жарандарга кол салуулардын акыркы күндөрдө күчөгөнүн белгилеп, Кипрдин Рум тарабындагы акыркы окуялардын кээ бир Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдө Куранга болгон жийиркеничтүү кол салуулар жана күчөгөн ксенофобиянын көрүнүшү экенин айтты.

Лимасолдо чет элдиктерге каршы кол салуулардын миңдеген километр алыстыктан келген жана иштөө уруксаты бар жумушчуларга каршы багытталганын белгилеген Татар, Түштүк Кипр Рум лидери Никос Христодулидистин мамлекеттин жетекчилиги менен өткөрүлгөн жыйналышта расисттик кол салууларга жөндөмсүз экенин моюнга алганын түшүндүрдү.

Лимасолдогу кол салуучулардын «Кипр-гректики», «Кипр-эллиндик» деген жазуулары бар баннерлер менен ураандардын грек-рум дуэтинин менталитетин чагылдырганын баса белгилеген Татар: «Түрк аскерлери аралдан чегинген учурда, Түштүк Кипр Рум башкаруусундагы расисттик кол салуулардын бутасы кипрдик түрктөр болот. Мындан эч ким күмөн санабашы керек. Лимасолдогу окуядан ушундай жыйынтык чыгарабыз. Түркиянын кепилдиги жана түрк аскерлеринин бул жерде болушу биз үчүн абдан маанилүү. Лимассолдогу кол салуулар бул жагынан күн тартибибизде»,-деди.

Татар, Рум бөлүгүндөгү эки сыйынуучу жайга жана чет элдиктерге карата кол салуулардын ушул убакка дейре башкаруу тарабынан көрмөксөнгө салынганына жана кылмышкерлердин жоопко тартылбаганына көңүл буруп: «Акыркы кол салуунун күнөөкөрлөрү жоопко тартылабы? Мен андай эмес деп ойлойм, бирок көрө жатарбыз»,-деп айтты.

Лимасолдо чет элдик жарандарга болгон кол салууда EOKA колдоочу бандалары менен ашынган оңчул жана расист Улуттук Элдик Фронттун (ELAM) мүчөлөрүнүн ысымдарынын да айтылганын баса белгилеген Эрсин Татар, Рум башкаруучулугунун расисттик кол салууларга катышкандарды сот алдына алып чыгышы керектигин кошумчалады.

Түштүк Кипр Рум аймагындагы Лимасол шаарында 1-сентябрда «Кипр гректердики» жана «иммигранттар кабыл алынбайт» деген жазуулары бар плакаттарды көтөргөн кээ бир расисттик топтордун ишканаларга жана ресторандарга кол салуусунда кеминде 5 чет элдик жаран жараланып, көптөгөн дүкөн жана унаалар өрттөлгөн.

Кол салууларга катыштыгы бар деп жети киши кармалган.



Тектеш кабарлар