Чыңгыз Айтматов эл аралык Ысык - Көл форуму

Ысык  -  Көл форумунун  бешинчиси Түркия жана Азербайжанда чогулат.

2031553
Чыңгыз Айтматов  эл аралык Ысык -  Көл  форуму

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов негиздеген эл аралык Ысык  -  Көл форумунун  бешинчиси Түркия жана Азербайжанда чогулат.

Форумдун делегациясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилигинде "Чыгыш менен Батыштын ортосунда Анадолу маданий  долбоорлорунун" негизинде  уюштурула турган форумдун Кыргызстандын президенттиги, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен байланыштуу мекемелер жана өлкө тышындагы өкүлчүлктөр,  Анкара коомдук илимдер университети, Чыңгыз  Айтматов атындагы эл аралык конференция Ысык-Көл ассоциациясы жана Кыргызстандын Анкара элчилиги менен биргеликте өткөрүлөрү айтылды. 

Билдирүүдө Улуттук билим берүү министрлиги, Экология, шаар пландоо  жана климаттык өзгөрүү министрлиги жана ТҮРКСОЙ тарабынан колдоого алынган 5 -  Чыңгыз  Айтматов эл аралык Ысык-Көл форумунда  «Түрк дүйнөсүндөгү орток баалуулуктар аркылуу улуттук билим берүү, аймактык экономика жана маданий кызматташтык менен туризм жана экологиялык маселелерди чечүүнүн жолдорун изилдөө,  глобалдык системада келечекти кыялдануу” темалары талкууланат.

Ачылуу  программасы 12 - декабрда Анкарада жана сессиялардын  2024 - жылдын 8 - 9 - июнунда Бакуда өтөөрү айтылган форумдун түрк мамлекеттери, өлкө тышындагы тууган коомдор  жана аймак өлкөлөрүнүн  катышуусу менен эки өлкөдө да көп улуттуу жана көп сессиялуу болуп өтөрү белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар