Азербайжандын Карабахка жиберген жардам фуралары

40 тонна ун жүктөлгөн эки жардам унаасы Агдам - Ханкенди жолундагы орус күчтөрүнүн көзөмөл пунктунда күтүүнү улантууда.

2031535
Азербайжандын Карабахка жиберген жардам фуралары

Азербайжан Кызылайы тарабынан Карабахта жашаган армяндар үчүн жөнөтүлгөн 40 тонна ун жүктөлгөн эки жардам унаасы Агдам - Ханкенди жолундагы орус күчтөрүнүн көзөмөл пунктунда күтүүнү улантууда.

Ханкенди жана ага жакын аймактарда жашаган армяндарга жеткирүү үчүн Бакудан чыккан эки унаанын 28 -  августта барган орус күчтөрүнүн текшерүү пунктунан өтүүсүнө азырынча  уруксат берилген жок. 

Азербайжан президенттигинин кеңешчиси Хикмет Хажыев жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү жүк ташуучу унаалар күтүп жаткан аймакка барып, иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Хажыев басма сөзгө берген билдирүүсүндө Армения менен Азербайжандын Карабах аймагында түзүлгөн жана  колдоогон  режимдин  Агдам - Ханкенди жолунун ачылышына тоскоол болгонун белгиледи.

Хажыев : "Азербайжан бардык жолдорду ачып кайрадан интеграция процессин баштоо ниетинде. Азербайжан Карабахтагы армяндардын  укугун жана коопсуздугун камсыз кылууга  даяр. Бирок жол маселесин саясий  манипуляциянын жана спекуляциянын куралына айландырышканын көрүп жатабыз",- деди.

Армениянын Азербайжан менен мурунтадан сүйлөшпөстөн популизм максатында  Лачындагы чек ара текшерүү жерине айрым унааларды алып келгендигин эске салган Хажыев : "Кечээ да айрым армян жактоочусу коррупцияга малынган европалык саясатчылар Азербайжан чек арасына келип театр көрсөтүштү. Мындай кадамдардын эч бир мааниси жок",- деди. 

Хажыев : "Азербайжан эч качан өзүнүн жеринде боз аймактын болушуна уруксат бербейт. Азербайжан эч бир абалда жикчил режимге чыдамдуулукту көрсөтпөйт",- деди. 

Азербайжан Кызылайынын аймактагы армяндарга ун алып келгенин эске салган Хажыев : "Ошентсе да  алар муну расисттик саясатынын көрсөткүчү катары кабыл алышпай жатат. Бул алардын интеграцияга макул эместигин  билдирет. Жүктөн качууда  жоопкерчилик толугу менен аталган режимге жана Армения администрациясына жүктөлөт",- деди. 

Аймакка барган Түркиянын Баку элчиси Жахит Багжы Азербайжандын жерлеринде болгон бул окуянын Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендүүлүк укуктарынын алкагында каралышы керектигин, Түркиянын мамилесинин да ушул багытта экендигин айтты. 

Азербайжан, Карабахта жашаган армяндардын Арменияга барып  - келишинде колдонгон Лачын  - Ханкенди жолуна, чек ара коргоочуларына Армениядан ок атылышы жана Эл аралык Кызыл Крест уюмунун унаалары  менен мыйзамсыз буюм ташуусун негиз катары көрсөтүп, бир канча убакыттан бери чектөө киргизген. 

Жарандар үчүн ачык болгон каттамда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынган.

Жолдун жабык болушун негиз катары көрсөтүп Карабахтагы армян калкын "гуманитардык кризис менен бетме  - бет экендигин" билдирген Армения жиберген фуралар бир айга жакын убакыттан бери  чек арада кармалууда. 

Ээ чыккан жерлерге өзү менен мурунтадан сүйлөшүлбөгөн жүктөрдүн өтүшүнө уруксат бербей тургандыгын белгилеген Баку башкаруусу Карабахтагы армян калкына Агдам  - Ханкенди жолун сунуш кылууда. 

 



Тектеш кабарлар