Казакстан Германияга мунай экспорттойт

Казакстандын Улуттук мунай жана газ компаниясынын (КазМунайГаз) билдирүүсүнө караганда, компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Магзум Мырзагалиев Германияда жолугушууларды өткөрдү.

2030698
Казакстан Германияга мунай экспорттойт

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Казакстан Германияга кеминде 890 миң тонна мунай экспорттойт.

Казакстандын Улуттук мунай жана газ компаниясынын (КазМунайГаз) билдирүүсүнө караганда, компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Магзум Мырзагалиев Германияда жолугушууларды өткөрдү.

Мырзагалиев бул жерде өткөрүлгөн жыйында, июнь айында Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайердин Казакстандын борбору Астанага жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда чийки мунай экспорттоо келишимине кол коюлганын эске салып: «2023-жылы Германияга бериле турган мунайдын жалпы көлөмүнүн кеминде 890 миң тонна болушун пландап жатабыз»,- деди.

Мындан тышкары Мырзагалиев быйылкы жылдын 7 айында Казакстандын «Дружба» мунай кууру аркылуу Германияга 390 миң тонна мунай экспорттогондугун билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө немис тарап Казакстандан ташылган мунайдын көлөмүн көбөйтүүгө чечкиндүү экендиктерин ырастады.



Тектеш кабарлар