Түндүк Кипр Түрк Республикасы АКШга каршылык көрсөттү

АКШнын тышкы иштер министрлиги Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун  2024 -  финансы жылы үчүн  жойгондорун билдирген.

2026676
Түндүк Кипр Түрк Республикасы АКШга каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТКТР АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна киргизген курал эмбаргосун жоюу чечимине каршылык көрсөттү.

ТКТРнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "АКШ башкаруусунун бардык аракеттерибизге карабастан аралдагы тең салмактуулукту бузуу менен Кипр рум тарабынын куралдануусун колдогон мамилесин ылдамдык менен улантуусу кабыл алынгыс. Бул аракет Рум тарабынын бир нече өлкө менен аскердик кызматташууну арттырып жаткан бир мезгилде, АКШ башкаруусунун арал жана аймактын туруктуулугуна берген маанисин  дагы бир жолу суроого себеп болду",- деп айтылды.

Билдирүүдө АКШ аскердик кемелеринин түрдүү себептер менен Түштүк Кипр Рум башкаруусунун портторуна барышы Түндүк Кипр Түрк Республикасында тынчсыздануу жараткандыгы белгиленип, порт сапарларынын  улантылышы Кипрде тынчтык жана туруктуулукту сактап калуу жактан тынчсыздантуучу абал жана Түштүк Кипр Рум башкаруусунун аймактагы аскердик провокацияларын кубаттагандыгы баса белгиленди. 

АКШны румдар менен кызматташуу деген ат менен коргонуу тармагында көкүтүүчү кадамдардан алыс болууга, арал жана аймактагы тең салмактуулуктарды байкоого чакырган билдирүүдө : "Бул кыймылдардын алдында Кипр түрк калкынын коопсуздугун түзүү максатында ташталышы керек болгон бардык кадамдарды ар дайым болгондой эле ата мекен Түркия менен бирдикте таштоону улантарыбызды кайталайбыз",- деп айтылды.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун  2024 -  финансы жылы үчүн  жойгондорун билдирген. 

тышкы иштер министролигинин катчысы Мэтью Миллер, АКШнын Кипр Рум башкаруусуна киргизген курал эмбаргосун 1 жылдыгына жойгондугуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялаган.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин  2024  финансы жылында экспорт жана коргонуу материалдарынын тарнсферлеринин бекитилишине уруксат берүү үчүн Кипр Рум башкаруусунун тийиштүү мыйзамдардын алкагында керектүү шарттарды аткарганын аныктап Конгресске билдиргендигин белгилеген Миллер, шарттарга ылайык келгендигин билдирген.

Миллер бул аныктама жана документтештирүүнүн жыйынтыгы катары министр Блинкендин 2024  финансы жылында Түштүк Кипр Рум башкаруусу үчүн коргонуу соодасына коюлган чектөөлөрдү жойгондгун билдирди.

Катчы Вашингтондун эл аралык курал соода эрежелеринин  2023 - жыл  1 -  октябрдан тарта күчүнө кирген жаңы саясатты чагылдыра тургандай өзгөртүлөрүн белгилеген.

 



Тектеш кабарлар